Коронавирус пандемиясы жана аба каттамдарынын токтотулганына байланыштуу Түркиядагы чет өлкөлүк жарандардын визасы же туруктуу жашоо үчүн уруксаты мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо, өз өлкөсүнө туруктуу аба каттамдар кайрадан башталганда Түркиянын аймагынан бир айдын ичинде чыгып кетиши керек.
Бул тууралуу Анкарадагы элчилик маалымдады.
Ал эми виза эрежесин бузган чет өлкөлүктөр Түркиядан чыгып жатканда ири өлчөмдө айыппул төлөөгө мажбур болушат.
Буга чейин Түркиянын Транспорт министрлиги 22-июндан тартып Стамбул-Бишкек аба каттамы ачылары кабарлаган. Бирок кыргыз тараптан аба каттамдарынын ачылышы тууралуу расмий маалымат келе элек.
Түркияда 30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда иштейт жана окуйт. Алардын дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен иштешет. (ElB)