Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

«Ата Мекен» өкмөт башчылыкка Элдар Абакировду сунуштады  


Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

«Ата Мекен» партиясы Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга премьер-министрдин кызмат ордуна альтернативдүү талапкер катары экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду кароону сунуштап, билдирүү таратты.

«Биз коалицияны жана анын айрым мүчөлөрүн Элдар Абакировду колдоого чакырабыз, анын кризисти жеңүү үчүн жана пандемиядан келип чыккан шоктон кийин Кыргызстандын экономикасын жүргүзүү үчүн өзүнүн программасы бар».

Партиянын кайрылуусунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердүүлүгүн сындап, анын ордуна сунушталып жаткан Кубатбек Боронов өкмөттүн ишин алдыга жылдырып кете турган ынанымдуу талапкер эмес экени белгиленет.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырып, дээрлик бир добуштан колдоп берген.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапкан. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG