Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:23

Трамп полицияны реформалоо тууралуу жарлыкка кол койду


Дональд Трамп

Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп полицияны реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык полиция департаменттерине грант бөлүүнүн өзгөрүшүн камтыйт.

Полицияга кадрларды тандоону жакшыртуу каралып, кызматкерлерге күч колдонууда жаңыланган стандарттарды сактоо сунушталат.

Ак үйдө өткөн кол коюу иш-чарасына полиция кызматкерлери менен кагылышууларда каза болгон америкалыктардын туугандары катышты.

Президент тартип сакчыларынын профессионалдык жана моралдык стандарттарын жогорулатуу зарыл экенин белгиледи. Трамп экс-президент Барак Обаманын администрациясын сынга алып, анын бул маселени чечүүгө аракет да кылбаганын айтты.

Ушу тапта АКШнын Конгрессинде да полицияны реформалоо боюнча мыйзам чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Кошмо Штаттарда эки жумадан ашуун убакытка созулган ири демонстрацияларга 25-майда Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойддун полициянын колунан каза тапканы себеп болду. АКШнын көпчүлүк ири шаарларындагы мындай акциялар башаламандык менен коштолду.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG