Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Ингушетияда жер талашта беш кишинин өмүрү кыйылды


Назрань шаар мэриясынын кеңсеси
Назрань шаар мэриясынын кеңсеси

Орусиянын Назрань шаарында шейшембидеги атышуудан беш адамдын өмүрү кыйылды.

Алардын бири полициянын капитаны Адам Медов жана анын тууганы, Орусиянын Улуттук гвардиясынын аты аталбаган кызматкери экенин өз булактарына таянып “Интерфакс” жазды. Акыркы маалыматтарга караганда дагы экөө жарадар.

«Кавказ.Реалии» сайты туугандар ортосундагы жер талаш чырга айланып, ага эки тараптан 15ке чамалуу киши кириптер болгонун маалымдады. Көз жумгандар жана жарадарлар негизинен Медовдордун тайпасынан.

Тергөө комитети Ингушетиядагы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG