Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:15

АКШ бийлиги Болтондун китебин чыгартпоо үчүн сотко кайрылды


Жон Болтон.
Жон Болтон.

АКШнын Юстиция министрлиги өлкө президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун китебин чыгартпоо максатында шейшембиде сотко кайрылды.

Болтондун «Баары болуп өткөн бөлмө: Ак үйдөгү эскерүү» аттуу китеби 23-июнда жарыяланары күтүлүүдө. Анда өлкө президентинин чечимдери камтылганы буга чейин жарыяланган.

Бийлик китепте купуя маалыматтар камтылганын эске салып, алардын жарыяланышы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин эскертип жатат.

Дүйшөмбүдө президент Дональд Трамп да буга байланыштуу пикирин билдирген:

«Президент катары мени менен кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун таптакыр купуя калышы керек деп эсептейм. Эгер ал китеп жазса, басмадан чыкса, анда ал мыйзамды бузгандыкка жатат».

Укук коргоочулар, Жарандык эркиндик боюнча америкалык биримдик Болтондун китебин жокко чыгаруу үчүн жасалган аракеттердин баары ийгиликсиз болорун билдирүүдө.

Кеңешчилик кызматта 17 ай иштеген Болтонду Трамп өткөн жылдын сентябрында отставкага кетирген.

XS
SM
MD
LG