Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Мирлан Жээнчороев Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиядан чыкты


 Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутат Мирлан Жээнчороевдин Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгуу тууралуу арызын 17-июнда жалпы жыйында добушка койду.

Анда Жээнчороев комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен макул болбогондуктан арыз жазганын жүйө келтирген.

Чечимди 84 депутат колдоп, Жээнчороев комиссиядан чыгарылды.

Мунун алдында Мирлан Жээнчороев өзү комиссиянын курамынан чыгарын жыйында кабарлап, добушка коюп берүүнү өтүнгөн. Мындай кадамынын себебин түшүндүргөн эмес.

Депутаттын өзү азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңеш былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Депутаттык комиссия Саймаитини Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана анын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

2-июндагы жыйында УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Депутаттарга «Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG