Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Сузак: санэпид борбордун кызматкерлери кошумча акыны мыйзамсыз алган деп айыпталууда


Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору.
Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору.

Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталууда. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчилиги өкмөттүн “Резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгын бузду деп айыпталып жатышат.

Бул жарлыкка ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат. Ага карабай, кызматкерлерге кошумча акы мыйзамсыз берилген. Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери милициянын айыптоосуна макул эместигин билдирип жатышат.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан апрель айында Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна COVID-19 илдетин алдын алуу иштери үчүн 300 миң сом бөлүнгөн.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов кызматкерлер менен жолугушкан учурда алардын эмгегин баалоо максатында кошумча каражат бөлүнөрүн айткан.

Кийинчерээк 46 кызматкерге 251 миң сом кошумча маяна катары таратылган. Техникалык жабдыктарга каралган калган сумма мекеменин кассасында сакталууда. Аталган мекемеде жалпы 50гө чукул кызматкер иштейт.

Кыргызстанда расмий түрдө коронавирус илдети алгач Сузак районунан чыккан. (RsK)

XS
SM
MD
LG