Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстанда бир жылда 50 миңдей жуп никелешип, 11 миңдейи ажырашты


Кыргызстандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы Кыргызстанда 49 431 миң жуп никеге туруу, 10 992 ажырашуу катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен алынган маалыматтарды талдаган мекеме 1000 баш кошууга 222 ажырашуу туура келип жатканын билдирет.

Никелешкендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында катталса, ажырашкандардын көбү Бишкек шаарына, Чүй, Ысык-Көл дубандарына туура келет.

Ажырашкандардын үчтөн бири - беш жылдан кем эмес никеде турган жубайлар. Жубайлардын ажырашууларынан улам 13,3 миң бала атасыз же энесиз өсүүдө.

Мурдагы маалыматтарга караганда 2018-жылдын алгачкы тогуз айында 35379 түгөй баш кошуп, 7731 түгөй ажырашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG