Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

Сот «Азия Ньюсту» Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди


«Азия Ньюс» гезитинин Жеңиш Разаков тууралуу макаласы.
«Азия Ньюс» гезитинин Жеңиш Разаков тууралуу макаласы.

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» гезиттин редактору Асланбек Сартбаев билдирди.

Ал соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын айтты.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын кабарлаган. Ал ошондой эле макала бүтүм иретинде эмес, суроо иретинде жазылганын жана ага Разаков жооп берип койсо гана маселе түшүнүктүү болмогун айтып келет.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп былтыр август айында гезитти сотко берген. 10 млн. сом доо өндүрүүнү сураган.

Бишкектин Октябрь райондук соту анын 1 млн. сомун канааттандырган. Разаков «басылма өзүнүн Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар деген анык эмес маалыматты жарыялаган» деп эсептейт. Тараптардын соттошуусу шаардык сотто 17-июнда каралды.

Бишкек шаардык соту быйыл февралда «Азия Ньюс» гезитин башка доогер, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге да 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал боюнча гезиттин апелляциялык арызы 15-июлда Жогорку сотто каралат. (ErN)

XS
SM
MD
LG