Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Шыкмаматов: Парламенттик шайлоого «Бир бол» партиясы менен барам


Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов «Бир бол» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого барат. Мындай маалыматты "Азаттык" радиосуна Шыкмаматов өзү ырастап, бул "Бир болдун" жакында өтө турган курултайында расмий жарыяланарын билдирди. Саясатчы ошондой эле партия лидери Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүүлөрүнө шилтеме жасап, келерки парламенттик шайлоого партия дээрлик жаңы тизме менен барарын белгиледи.

Партия лидери, Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов менен байланышуу мүмкүн боло элек. Депутат партиянын курамы жаңыланарын, ага азыркы фракциядагы депутаттар кирбей турганын "Азаттыктын" 2х1 форматындагы январь айында уюштурулган видеомаегинде билдирген.

"Бир бол" фракциясындагы 12 депутаттын дээрлик басымдуусуна карата ар кандай кинелер коюлуп, териштирүүлөр токтобой келатат. Бул фракция - Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктө.

"Бир болдун" тизмесине кирип жатканын жарыялаган Алмамбет Шыкмаматов былтыр декабрь айында коалициялык азчылыктагы "Ата Мекен" фракциясын жетектөөдөн күтүүсүз баш тартып, депутаттык мандатын тапшырган жана "Ата Мекен" саясий партиясынын катарынан чыгарын жарыялаган. Муну саясатчы партия лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганына байланыштырган.

Текебаев февраль айында "Азаттыкка" берген интервьюсунда Шыкмаматов эмнеге мындай чечим кабыл алганын билбестигин, кеткенден кийин байланыша электигин билдирген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG