Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Зомбулукка каршы акцияга чыккандар милицияны айыптады


Акцияга чыккандар кармап турган баракча.

17-июнда парламент имаратынын алдына бир нече адам үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана аялдардын укугун коргоо боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан. Уюштуруучулардын бири Адель Исмаилханованын айтымында, акция учурунда белгисиз аял келип, алардын колундагы баракчаларын айрып салган. Ал аял нааразычылык акциясына чыккандарды жаман сөздөр менен тилдеген.

Исмаилханова муну атайын даярдалган чагым катары баалап, окуя болуп жаткан учурда милиция аялды токтотууга аракет кылбаганын айыптады. Шаардык милициядан бул дооматтарга кийинчерээк жооп берээрин билдирди.

Ушул жылы 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы «Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан.

Митингде милицияга жалпысынан акцияга чыккан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан беш катышуучуну “милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок” деп, ар бирине 3 миң сомдон айыппул салган болчу. Алардын үчөө («8/365» кыймылынын мүчөсү) мындай чечимге макул болбой, сотко кайрылган.

12-июнда Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча ишти карап, маршка чыккандарды күнөөлүү деп тапкан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG