Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:53

Индия Кытай менен чек арасын кайтарууну күчөттү


Индия армиясы Кытай менен чек арасында күчөтүлгөн режимде иштей турганын жарыялады. Индия куралдуу күчтөрүндөгү булактар маалымдагандай, аскерлердин жумуштан бошонушуна тыюу салынды.

Индия бийлиги Бээжинди талаштуу Гималай чек арасындагы кагылышта 20 аскер кызматкеринин өлүмүнө күнөөлөп жатат. Куралдуу жаңжал 15-июнда болгон.

Кытай бул окуя үчүн Индия аскерлерин айыптап, Делиге каршылык нота жөнөттү. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылдыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун” билдирди.

Шаршембиде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшүп, чек арадагы чыңалууну тезинен жайгарууну макулдашты.

Дели Бээжинди 38 000 чарчы километр жерин басып алгандыгы үчүн айыптап келет. Чек ара талашын жөнгө салуу үчүн ондогон жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Бул талаштын айынан 1962-жылы согуш чыгып, Индия жеңилип калган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG