Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:24

Кыргыз-казак өкмөт башчылары Кубатбек Боронов менен Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү


Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште. 6-апрель, 2020-жыл.
Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште. 6-апрель, 2020-жыл.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө казак премьер-министри Аскар Мамин Кубатбек Бороновду Кыргызстандын өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы талкууланды.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кубатбек Боронов парламенттин колдоосу жана президенттин жардыгы менен 17-июнда премьер-министр болуп дайындалды.

Акыркы жолу казак-кыргыз өкмөт башчылары телефон аркылуу чек арадагы жүк ташуучу автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүү, пандемияга байланыштуу жабылган бардык өткөрмө бекеттерди жүк ташуу үчүн ачуу маселесин 10-июнда талкуулаган. Акыркы маалыматтарга караганда кыргыз тараптагы жети чакырымга чейин созулган автотыгын жоюлду.

Эки өлкөнүн ортосунда жүк ташууга байланышкан талаш-тартыш байма-бай катталып келатат. Акыркы жолу кыргыз тарап Казакстанды Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарын бузду деп, казак тарап Кыргызстанды жүк ташууда аткезчиликке, жалган транзит, жасалма документтер менен казак экономикасына залалын тийгизип жатат деп айыптап, кайым айтышуулар болгон.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Мукаммедкалый Абылгазиев "жыштык жаңжалы" боюнча тергөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу 16-июнда кызматынан кетип, анын ордуна мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт келди. Өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү болгон жок. Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков, өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов дайындалды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG