Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:24

Шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү


Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Жогорку Кеңеш 18-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жиберди.

Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Шайлоо күрөөсү 5 миллион сом бойдон калат.

14-майда мыйзам долбоору тармактык комитетте, андан кийин сессияда биринчи окуудан өткөн. 4-июнда экинчи окууда кабыл алынган.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

4-июндагы сессияда КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт иштеринин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Спутник» сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген. Парламенттин 18-июндагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов парламентик жана жергиликтүү шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылды.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG