Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

Депутат Никитенко: Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору - саясий буйрутма (видео)


Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун «саясий буйрутманын негизинде кабыл алынып жаткан документ» деп атады. Бул тууралуу пикирин ал аталган мыйзам долбоорун караган парламенттин 18-июндагы жыйынында билдирди.

«Мен бул өзгөртүүгө биринчи окууда да каршы чыккам. Азыр өз позициямды тактап койгум келет. Бүгүнкү күндө отчеттуулук жөнүндө суроолор отчетту ансыз да ар кайсы органдарга ачык-айкын берип келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдарга эмес, насыялык жана гранттык каражаттарды эң көп колдонгон, ачык-айкын эмес мамлекеттин өзүнө коюлуш керек. Реалдуу ушундай суроого жооп бергендин ордуна жөн эле алагды кылган, кошумча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу аракети көрүлүп жатат. Бул мыйзам долбоору кабыл алынбашы керек деп эсептейм»,-деди Никитенко.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Евгения Строкова ачыктыкты талап кылган өкмөттүк эмес уюмдар өздөрү да ачык болушу керектигин билдирди.

Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Документке добуш берүү 18-июнь күнү түштөн кийин болот.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартса, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын мыйзам долбоору боюнча кайрылуусуна жооп берип, “Эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин кайрылуу эске алынат” деп билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG