Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Финчалгын кызматы: террордук ишти каржылоого шектүү 16 миллион доллар камакка коюлду


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Финансылык чалгындоо кызматы 2019-жылы террорчулук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектүү катары 16 миллион АКШ долларды камакка койду. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анарбаев бул каражаттардын 80% боюнча фактылар соттук кароодон өтүп, тиешелүү адамдар жазасын алып жатканын айтты.

Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси мындан сырткары былтыр мекеме тапкан эреже бузуулардын алкагында 6,5 млрд. сом мамлекетке кайтарылганын да кошумчалады. Ал бул санды 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында да тактаган болчу.

18-июнда Жогорку Кеңеш «Террорчулук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Ушул эле мыйзам долбоору 27-майда парламентте биринчи окуудан өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG