Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:53

ИИМ журналистке милиция жардам бербеди деген маалыматты четке какты


Окуя учурунда тартылган видеодон үзүндүлөр. 11.06.2020
Окуя учурунда тартылган видеодон үзүндүлөр. 11.06.2020

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Kaktus.media басылмасынын кабарчысы Марат Уралиевге белгисиз бирөө кол салган учурда көчөдөн өтүп бара жаткан кайгуул кызматы көңүл бурбай кетип калганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Бул маалыматтарга байланыштуу ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзгөнүн, маалымат каражаты жазган автоунаа Октябрь райондук милиция бөлүмүнө караштуу экени аныкталганын кабарлады.

ИИМдин билдирүүсүндө “Кайгуул-күзөт кызматынын автоунаасындагы видеокаттоодо милиция кызматкерлери көчөдө белгисиз бирөө жардам сураганда токтоп, машинеден чыгышканы көрүнүп турат. Алар окуянын чоо-жайына кызыгып, эмне болгонун сурашканда белгисиз адам (журналист) “Кайнар” кафеси тарапка чуркап кетип, милиция кызматкерлеринин чакырыгына көңүл бурган эмес. Текшерүүнүн натыйжасында кайгуул кызматынын автоунаасы ал жерде үч мүнөттөн ашыгыраак туруп, анан кеткени аныкталды. Демек, милиция журналистке жардам бербей кетип калган деген маалыматтар чындыкка дал келбейт” деп жазылган.

Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев 11-июнда көчөдөн белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылган. Ал “Кайнар” ресторанында аткаминерлердин катышуусу менен куран окутулуп жатканын видеого тартуу үчүн барган.

Окуяны кабарчы “Фейсбук” аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Көрүүчүлөр бир адам журналисттин “Өзүңүздү тааныштырыңыз?” деген суроосуна жооп бербестен, он мүнөттөн ашуун убакыт бою ресторанга жолотпой, түрткүлөп, алдын тороп жатканын, милиционерлерден, кадрга түшүп калган айрым депутаттардан жардам сурап кайрылса, реакция болбогонун көрүшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG