Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Бишкекте “Тез жардам” автоунаасы кырсыкка кабылды


Бишкектеги "Тез жардам" мобилдик тобу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “Тез жардам” автоунаасы менен КамАЗ кагышып, төрт адамдын абалы оор экени кабарланды.

Жол кырсыгы башкалаанын Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Андан “Тез жардам” машинесиндеги төрт медицина кызматкери жараат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Жол кырсыгынан дагы бир жеңил автоунаа жабыркаганы айтылып жатат.

Жол кыймылынын эрежелерине ылайык атайын автоунаалар, анын ичинде “Тез жардам” автоунаасына кызыл-көк жарыгын күйгүзүп, айгай үнү менен кызматтык тапшырма аткарып жүргөн унааларга жалпы жол эрежелерин бузууга уруксат берилет.

Мындай автоунааларга жолдогу башка автомашиналар жол бошотуп берүүгө милдеттүү.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG