Түркиянын Коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндөгү аскердик операциянын алкагында күрд жоочуларынын 500дөн ашуун позициялары жок кылынганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 14-июнда жана 16-июнда Түркия Ирактагы Күрд жумушчулар партиясына таандык деген жайларга эки ирет аба чабуулдары уюштурулду. Анда F-16 аскердик учактары, дрондор жана артиллериялык курал-жарактар колдонулду.
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар операция "жакшы жүрүп жатканын", "мындай олуттуулук жана бекемдик менен улана турган болсо, ал ийгилик менен жыйынтыкталарын" айтты.
Түркия, АКШ жана Евробиримдик Күрд жумушчулар партиясын террордук уюм деп тааныган. Бул уюм дээрлик 40 жыл бою күрддөргө көбүрөөк укук берүү талабы менен Түркияга каршы аскердик өнөктүк жүргүзгөн. Анын натыйжасында 40 миңдей адам каза тапкан.
Күрд жумушчулар партиясынын куралдуу жана саясий бутактары Түркияда, Иракта, Иранда жана Сирияда иш алып барып келет. Ошондой эле Европадагы күрд диаспорасынын арасында бул уюмдун миңдеген жактоочулары бар.
Түркия тыюу салынган уюмга каршы өлкөнүн түштүк-чыгышында маал-маалы менен операцияларды өткөрүп келет. Ирактагы күрд жоочуларына бир канча жылдан бери, өзгөчө жайкы кармаш күчөгөн учурларда сокку уруп жүрөт. Буга чейин Түркиянын үч аскердик операциясы Сириядагы күрд күчтөрүн бутага алган.