Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Кытай менен Индия чек ара чырын жөнгө салмай болду


Галван өрөөнүндөгү Кытай-Индия чек арасы начар демаркацияланган.

Ушул аптанын башында Ладакх провинциясындагы Галван өрөөнүндө эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан.

Индия бул окуяда 20 жоокерин жоготконун билдирген. Кытай болсо канча аскери жабыркаганы тууралуу маалымат берген жок. Эки өлкө чек арадагы айыгышкан кагылыштан улам бири-бирин күнөөлөп жатат.

Индияда чек арадагы соңку кагылыштан улам Кытайды айыптаган нааразылык акциялары токтой элек. Маселен Канпур шаарында көчөгө чыккандар Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жасалма тажыясын өткөрүштү. Алар кытай лидеринин сүрөтү менен бул өлкөнүн желеги тагылган, табытка салынган сөлөкөттү өрттөп сууга ыргытышты.

"Кытай бизге, Индияга саткынчылык кылганынан улам биз Си Цзинпиндин тажыясын тиешелүү жөрөлгөлөр менен өткөрдүк. Алар ар дайым Индияга карасантайлык кылышат", - деди демонстранттардын бири.

Индияда Кытайды күнөөлөгөн нааразылык акциялардын биринде демонстранттар эшектерди колдонушту. Бул макулуктарга Си Цзиньпин менен Кытайдын коргоо министринин сүрөттөрүн илип коюшту жана аларды жемелеп кыйкырып жатышты.

"Кытай ыплас иштерге барды. Биз ачуубуз келип, кытайларга каршы эшектердин жүрүшүн өткөрдүк".

Кытайдын жана Индиянын тышкы иштер министрлери Ван И менен Субраманьям Жайшанкар шаршембиде чек арадагы жаңжалды телефондон талкуулады. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лижян анда тараптар чек арадагы чыңалган абалды мүмкүн болушунча чукул арада жөнгө салууну, аймактагы тынчтыкты, бейпилдикти камсыз кылууну макулдашты" деп билдирди. Бирок ал соңку окуяга Индия жооптуу экенин белгиледи жана Нью-Делини Бээжиндин мамлекеттик чек арасын бузду деп айыптады:

"Кытай менен Индия маселелерди дипломатиялык жана аскердик жолдор менен чечүү үчүн тыгыз байланышып жатат. Ушул тапта Кытай-Индия чек ара аймагындагы жалпы абал туруктуу жана көзөмөлдө. Эки өлкөнүн чек арачылары бул маселени жеринен чечүү үчүн биргелешип иштеп жатат. Бул окуя чек ара тилкесинин Кытай тарабында орун алган, ошондуктан жоопкерчилик Кытай тарапта эмес".

Индиянын Тышкы иштер министрлиги болсо өз кезегинде Кытайды күнөөлөдү. Мекеме тараткан билдирүүдө чек арадагы "айыгышкан кагылышка кытай тараптын аймактын кво-макамын бир тараптуу өзгөртүү аракеттери негиз болгон", деп жазылган.

Кытай менен Индиянын чек арачылары Ладакх провинциясындагы Галван өрөөнүндө 15-июнда кагылышкан жана бул эки өлкөнүн ортосундагы соңку 45 жылдан берки алгачкы тиреш болуп калды. Галвандагы Кытай-Индия чек арасы начар демаркацияланган.

Бээжин Нью-Делини буга чейинки милдеттенмени бузуп, индус чек арачыларын кытай тарапка өтүп келди, чагымчылдыкка барды деп айыптап жатат. Индиядагы бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары кагылышта бир дагы ок атылбаганын, индус жоокерлерин өлөрчө сабап салышканын жазышты. Анда Кытай тарап да жоготууга учураганы айтылат. Бирок адатта мындай учурларда Бээжин аскерлери жабыркап-жабыркабаганы тууралуу маалымат бербейт.

Кашмирдин Индия, Пакистан жана Кытай ээлеп турган аймагында соңку жылдары жагдай курчуп жатат. Бул аймакта аскерлер, куралдуу топтор кагылышкан бир катар окуялар оруп алды.

Кытай менен Индия Галван өрөөнүндөгү чек ара тилкесин 1962-жылдагы жаңжалдан кийин демаркациялаган. Ал кагылышта Индия жеңилип калган жана Нью-Дели Бээжинге 38 миң квадрат чакырым жерин ээлеп алганы боюнча доомат коюп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG