Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

19-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

19-июнда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

19-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG