Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Болот Темировго кол салууга шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү узартылды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча соттук териштирүү бүгүн, 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Журналисттин «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, жараянда прокуратура өкүлдөрү Темировго кол салууга шектелип жаткан төрт кишинин айыптоо корутундусу менен тааныштырды:

«Алардын баарына «Тоноо» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айып тагылды. Шектүүлөрдүн үчөө тагылган күнөөсүн мойнуна албай турганын айтышты. Төртүнчүсү мени сабаганын мойнуна алып, бирок телефонду албаганын айтты».

Болот Темиров бүгүнкү соттук териштирүүдө бул иш боюнча айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттын өтүнүчү каралганын кошумчалады. Сот аны четке кагып, шектүүлөрдү 18-августка чейин камакта калтырды.

Кийинки соттук отурум 21-июнда уланат. Ишти судья Марат Сыдыков карап жатат.

Темировго кол салуу боюнча биринчи сот отуруму 6-мартка белгиленип, белгисиз себептер менен болбой калган.

Журналистти быйыл 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар сабап кетишкен. Ал окуяны өзүнүн кесиби менен байланыштырып келет. Кол салуу «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөө менен байланышы бар болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Аны сабаган деген шек менен 14-январда төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темировдун сөзүнө караганда, шектүүлөр башта аларга буйрук берген адамдар болгонун айтып, кийин көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн.

Милиция биринчи берилген көрсөтмөнү да иликтеп жатканын билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG