Европа Биримдиги Крымдын аннексиясына байланыштуу Орусияны бутага алган санкцияларды дагы бир жылга узартты. Шаркетке кирген мамлекеттер санкцияларды узартууга макул болгонун 18-июнда Европа кеңеши жарыялады. Ага ылайык, Орусияга каршы экономикалык чаралар 2021-жылдын 23-июнуна чейин күчүндө кала берет.
Евробиримдик бул чараларын Орусия 2014-жылдын жазында Украинанын Крым жарым аралын күч менен өзүнө каратып алгандан көп өтпөй киргизген. Орусияга кошулуу маселеси боюнча Крымда өткөн референдумду дүйнөнүн кеминде 100 мамлекети мыйзамсыз деп тааныган.
Санкцияларга ылайык, Крымда өндүрүлгөн товарларды Европа Биримдигинин аймагына алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле жарым аралга инвестиция салууга тыюу салынат. Мындан тышкары транспорт, телекоммуникация жана энергетика тармактарында колдонула турган технологияларды же товарларды крымдык ишканаларга жөнөтүүгө чектөө коюлат.
Евробиримдик Москванын Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүшүнө байланыштуу Орусияга өзүнчө экономикалык санкцияларды киргизген. Анын мөөнөтү 31-июлда аягына чыкканы жатат. "Reuters" жаңылыктар агенттиги бул санкциялар да алты айга узартыла турганын дипломатиялык чөйрөдөгү булактарына таянып маалымдады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Европалык кызматтыштык департаментинин башчысы Николай Кобринец: "Санкциялар менен жашоо кыйын. Алар биздин экономикага чоң зыянын тийгизип жатат. Бирок биз ага көнүшүбүз керек", - деген оюн "Интерфакс" агенттигине билдирди.