Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Парламенттин басма сөз кызматынын башчысынан коронавирус аныкталды


Ибраим Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Урматтуу кесиптештер, ушул дем алыш күнү температура болгонума байланыштуу үйдө отуруп иштеп жаткам. Эртең жумушка чыгар алдында текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурлар анализимден COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактта болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да аралыктан иштөөгө өтүүдө”, - деп жазды.

18-июнга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2650 адамга жетти.

Кечээ 73 жаштагы эркек вирустан каза тапты. Ушуну менен илдет жуктуруп алган 31 адам каза болду. Бир сутка ичинде ооруканадан 32 бейтап сакайып чыгып кетти. Анын ичинен: Бишкек шаарынан –11, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1 бейтап айыгып, 18-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны - 1933 адам.

Ушул тапта стационарда 693 бейтап бар. 38 адамдын абалы оор. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG