Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Кыргызстан эл аралык жыйында тышкы карыз маселесин көтөрдү


“Бир тилке – бир жол” эл аралык кызматташуунун алкагында “COVID-19га каршы күрөшүүдөгү тилектештик” деп аталган видеоконференция.
“Бир тилке – бир жол” эл аралык кызматташуунун алкагында “COVID-19га каршы күрөшүүдөгү тилектештик” деп аталган видеоконференция.

18-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Бир тилке – бир жол” эл аралык кызматташуунун алкагында “COVID-19га каршы күрөшүүдөгү тилектештик” деп аталган видеоконференцияга катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы Чыңгыз Айдарбеков өз сөзүндө экономикасы начар өлкөлөрдүн пандемиядан кийин калыбына келип, өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн “Чоң жыйырманын” алардын карыздарын төлөөнү токтотуу демилгесинин маанилүү экенине көңүл бурду. Айдарбеков соода алаканы, жүк ташууну, импорт менен экспортту жандантуу боюнча пикирин билдирди.

Форум Кытайдын демилгеси менен уюштурулду. Ага Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Ахим Штайнер жана 28 өлкөнүн вице-премьерлери, тышкы иштер министрлери катышты.

Онлайн жыйын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү, экономиканы жана өндүрүштү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз өкмөтү тышкы карызды реструктуризациялоого даярдана баштаганын маалымдаган. Учурда кредиторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 4,6 миллиард долларлык мамлекеттик карыздын 86% аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет. Пандемия шартында бюджетин толтура албаган Кыргызстан үчүн муну төлөө кыйынга туруп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG