Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

COVID-19: Вирус 132 адамдан табылды, бул эң жогорку көрсөткүч


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 132 адамдан жаңы аныкталды.

Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте:

Бишкек шаарында – 48

Ош шаарында - 13

Ош облусунда - 12

Талас облусунда - 4

Жалал-Абад облусунда - 11

Чүй облусунда – 38

Нарын облусунда - 6

Ушуну менен Кыргызстанда 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2789 адамга жетти.

Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Башкалаада муну менен илдеттен көз жумгандардын саны 32ге жетти.

Бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап сакайып чыкты. Анын ичинен: Бишкек шаарынла –7, Чүй облусунда – 8, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда - 4 бейтап айыгып, 19-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1961 адам.

Ушул тапта стационарда 543 бейтап жатат. 38 адамдын абалы оор экени кабарланууда. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG