Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Интернетти көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат


Facebook социалдык түйүнү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүн бир катар басылмалар түз алып көрсөтүүдө.

Талкууга катышып жаткандардын «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдардан көчүрүлүп алынганын айтып, документти кескин сынга алды. Асылбаева менен Осмонова анын жана башка катышуучулардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган. Долбоор 17-июнда парламентте биринчи окууда кабыл алынып, ага 102 депутат "макул", төртөө каршы добуш берди.

Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Документтин түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

Буга чейин «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG