Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:48

Батукаевдин иши боюнча сотто жарыш сөз уланууда


Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланган териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жарыш сөзү сүйлөдү. Ал түшкү тыныгуудан кийин дагы сүйлөйт. Андан кийин Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев жарыш сөзгө чыгат.

Жарыш сөз бүткөндөн кийин талкуу болот. Аягында айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат. Жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы өкүм бүгүн чыгышы күмөн экенин кабарлады.

17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу "Батукаев иши" боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага бардык сыйлыктарынан ажыратып, 15 жылдан, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге 13 жылдан жаза чектөөнү соттон сурады.

Жараян ошол күнү жана 18-июнь күнү да жарыш сөз менен уланган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG