Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Ошто Аравандын акиминен COVID-19 аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна кабарлады:

“Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы. Аравандын акими карантиндик кырдаалда абдан мыкты иштеди. 2019- жылдын жыйынтыгы менен Ош облусунда "жылдын эң мыкты акими" деп табылган”.

Кадырбекованын маалыматына караганда, аким менен чогуу иштегендер, анын ичинде өкмөттүн облустук акимчилигиндеги айрым кызматкерлер да ПЧР-анализ тапшырышууда.

Араван району эрте бышкан жашылча-жемишти чет мамлекеттерге экспорттоодогу ийгиликтери менен белгилүү. Райондогу дыйкандар өстүргөн гилас бир нече жылдан бери Кытайга экспорттолот.

19-июнга карата Ош облусунан 12 адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен экөө Араван районунан аныкталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-июнда Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда Араван районуна барып, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси жана талаа иштеринин жүрүшү менен таанышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG