Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Жээнбеков: Коомдук автоунаалар кооптуу жайга айланды


Сооронбай Жээнбеков.

Коомдук автоунаа илдетти жуктурууда кооптуу жайга айланганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты:

«Талаптарды аткарбай жаткан транспорт ишканаларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок алар коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү».

Мамлекет башчысы жарандар илдеттин алдын-алууга жана дарыгерлердин айтканын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалап, коомдук жайларда беткап кийип, оорунун белгилери байкалганда обочолонуу талаптарын сактоого чакырды.

Президент Жээнбеков чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандарды да катуу көзөмөлдөөнү талап кылды.

Мамлекет башчысы коронавируска каршы ыкчам республикалык штабга, Саламаттык сактоо министрлигине, жергиликтүү бийликтерге илдет менен күрөшүүнү мурдагыдан да күчөтүү талабын койду. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербөөдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи. Мындай эскертүүнү өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө кырдаал режими алынып, комендатуралардын иши токтогондо эле бергенин эске салды.

19-июнда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырып, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100, 17-июнда 90, 18-июнда 95 адамдан оору табылган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. Учурда ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам көз жумду.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG