Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:18

БУУ: Адамзаттын бир пайызы качкынга айланды


Сириянын Идлиб шаарындагы качкындар лагери.

Дүйнө жүзүндө былтыр 80 миллиондой киши же адамзаттын бир пайызы согуштан, куугунтуктан качууга, там-ташын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бириккен Улуттар Уюму 20-июнда белгиленип келген Качкындардын эл аралык күнүн утурлай ушундай статистиканы чыгарды.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты пандемия качкын, бозгундардын агымын бир аз жайлатканы менен алардын саны 2018-жылга караганда 9 миллион кишиге көбөйгөнүн белгиледи. Ал эми 2010-жылы 41 миллион качкын катталган.

Жер которгондордун, чет жерден башпаанек сурагандардын арасынан биринчи орунда Сирия, Венесуэла, Ооганстан, Түштүк Судан жана Мьянманын жарандары турат.

Комиссариат өз үйүнө кайткан качкындардын саны да барган сайын азайып жатканын белгилейт. Жер которуп, бөтөн жерде жашоого аргасыз болгондор азык-түлүк, таза суу тартыштыгы, медициналык тейлөө жана башка көптөгөн маселелерге туш болушууда. БУУнун маалыматына ылайык, качкындарга башкалка берген өлкөлөрдүн саны да жыл сайын төмөндөп баратат.

XS
SM
MD
LG