Кытайда 18-июнда дагы 32 адамдан коронавирус табылды. Бул бир күн мурдагыга салыштырмалуу төрт адамга көбүрөөк. Алардын 25и баш калаа Бээжинге туура келет. Өткөн аптада бул шаардагы тамак-аш саткан "Синьфади" базарында илдеттин жаңы очогу пайда болгондон бери Кытайда кеминде 183 кишиден коронавирус чыкты.
Илдеттин кайра жайылуу коркунучу пайда болгондуктан, Бээжиндеги бир катар мектептер жабылды. Спорт мелдештери жана көргөзмөлөр сыяктуу иш-чараларга уруксат берүү планы убактылуу токтотулду. Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору коронавируска чалдыккандардын саны "жакын арада азая баштайт" деп ишендирүүдө.
Кытайдын расмий маалыматына ылайык, декабрь айында коронавирус эпидемиясы башталгандан бери өлкөдө 85 миңден адам COVID-19 илдетине чалдыккан. Алардын 4600дөн ашууну көз жумган.
Бирок айрым Батыш өлкөлөрү Кытайдагы эпидемиянын масштабынан күмөн санап келишет. АКШнын президенти Дональд Трамп Бээжин COVID-19 илдетин жаңы башталганда ооздуктай албаганын белгилеп, анын айынан вирус дүйнөгө өлкөсүнө жайылып кеткенин айткан.
Франция жана Британия өкмөттөрүнүн өкүлдөрү да Вашингтондун мындай билдирүүлөрүн кубаттап, илдеттин жайылышына байланыштуу Кытайга суроолор көп экенин белгилешкен. Бирок расмий Бээжин мындай дооматтарды четке каккан.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин 19-июндагы маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 8 миллион 500 миңден, илдеттен кайтыш болгондордун саны 454 миңден ашты.