20-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30;
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8 градус жылуу болот.
20-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30 градус ысык болот. (ErN)