Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Батукаевдин иши боюнча сот 23-июнда уланат


Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.
Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 19-июнда уланган соттук териштирүүдө айыпталуучулардын жактоочулары жарыш сөзгө чыкты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жарыш сөзүн сүйлөдү. Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Сергей Слесаревдин сөзү жумуш күнү бүтүп калганына байланыштуу аягына чыкпай калды. Судья Эмилбек Каипов айыпталуучулардын жарыш сөзүн 23-июндагы сот жараянында улантуу тууралуу чечим кылды.

17-июндагы сот отурумунда прокурорлор Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны бардык сыйлыктарынан ажыратып, 15 жылдан, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге 13 жылдан жаза чектөөнү соттон сураган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. (BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG