Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновдун жазасын бир жарым жылга кыскартты


Икрамжан Илмиянов. Мурдагы соттук процессте тартылган сүрөт.
Икрамжан Илмиянов. Мурдагы соттук процессте тартылган сүрөт.

Бишкек шаардык соту 19-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев маалымдады.

Анын айтымында, сот мындай чечимин быйыл 8-майда кабыл алынган мунапыс тууралуу мыйзамга ылайык кабыл алган.

Адвокат Кубанычбек Ташбалтаев Илмиянов буга макул эмес экендигин белгилеп, чечим колго тийсе Жогорку сотко даттаныша турганын кошумчалады.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан бул боюнча маалымат алуу мүмкүн боло элек.

2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.

Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.

Шаардык соттун чечимине ылайык Икрамжан Илмияновдун жазасы 5 жыл 6 айды түзүп калат. 2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда олтурган ар бир күнү эки күндөн эсептелет.

2020-жылдын 8-майында президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Мыйзамга ылайык, 1200дөн ашык киши түрмөдөн чыгары айтылган. Алар негизинен карылар, майыптар, жалгыз бой, көп балалуу энелер жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандар. Анын ичинде коркунучу азыраак кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын жарымы, оор кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын үчтөн бири, өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондордун калган жазасынын төрттөн бири жоюлушу керек. (ErN)

XS
SM
MD
LG