Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Икрамжан Илмияновго өкүм чыкты (видео)


Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жети жылга кесилди.

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялады.

Мындан тышкары сот Илмияновдун туугандарынын мүлкү да камакка алынды.

Ишти судья Дамирбек Назаров карап, өкүмдү 30-октябрда чыгарды. Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.

Судья Дамирбек Назаров окуган өкүмгө ылайык, “Дизель комплект” компаниясынан салыкка байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы козгогон кылмыш ишин чечип берүү үчүн Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар сураган.

Мыйзам боюнча “Дизель комплект” салыктарды жана кошумча айыптарды төлөгөн учурда кылмыш иши өзү кыскармак. Бирок "Илмиянов компания салыктарды жана айыптарды өз каалоосу менен төккөнүнө карабай, алдоо жолу менен “Дизель комплект” ишканасынан акча алган" деп айтылат соттун өкүмүндө.

Кылмыш ишиндеги негизги күбө Чыныбек Анарбек уулу "Дизель комплект" компаниясынын өкүлдөрүнөн алган каражатты “Илмияновго бергем” деп көрсөтмө берген.

- Чыныбек Анарбек уулу Арстанбек уулунун суранычы менен Грамович жана Чымырбаева менен таанышкам деп көрсөтмө берди. Алардын өтүнүчү менен “Дизель комплект” жоопкерчилиги чектелген коомунун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин кыскартуу жана мүлкүн камактан чыгаруу боюнча президенттин мурдагы кеңешчисине кайрылган. Андан сырткары аталган маселени чечүү үчүн 150 миң АКШ долларын алып барып берген, - жазылган өкүмдө.

Анда айтылгандай күбө Чыныбек Анарбек уулу “Дизель комплект” компаниясы менен Илмияновдун ортосунда ортомчу болгон.

Сот Илмияновдун жаза мөөнөтү 2018-жылдын 20-октябрынан баштала турганын билдирди. Ошондой эле анын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан бир күнү эки күнгө тете деп эсептелет.

Октябрь райондук сотунун тараткан маалыматына ылайык, Илмиянов - Н. Грамович аттуу жаранга 10 млн. 397 миң 235 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Өкүмгө чейин, Икрамжан Илмиянов соттогу акыркы сөзүн 2017-жылкы президенттик шайлоого болгон даярдык жөнүндө баштады. Ал ошол кезде командасы менен жеңишке жетүү милдетин алып, аны ийгиликтүү аткарганын да эске салды. Илмиянов сөзүндө арыз жазган Чымырбаева менен Грамович дагы күч органдарында суралып жатканын белгилеп, алар өз каалоосу менен арызданган эмес деди. Ал эми көрсөтмө берген Чыныбек Анарбек уулу партиялашы болгонун билдирди.

- Отуздан ашкан күбөлөрдүн ичинен мени бир гана күбө, партиялашым Чыныбек Анарбек уулу таанып отурат. Анын мындай көрсөтмө берип жатканы баарыбызга кызык жагдай. Мүмкүн бул инсан жеке кызыкчылыгы, мүмкүн өзүнүн кылмышын жашыруу үчүн, мүмкүн өзүнүн кызматтык карьерасы үчүнбү кайсы себептен экени белгисиз. Бул Чыныбек бир күнү өзү айтат, чындык чыгат”, - деди Икрамжан Илмиянов.

Өкүмдөн кийин Илмиянов журналисттерге кыскача комментарий берип жатып өкүмгө макул эместигин айтты. Анын жактоочулары беш күндөн кийин соттун өкүмүн алып, талдап чыккандан кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрыларын билдиришти.

Айыпталуучунун иниси Зулкайнар Илмиянов агасына карата чыккан өкүмгө нааразы экенин айтты:

- Туура эмес өкүм чыкты. Фактысы жок, бир адамдын көрсөтмөсү менен болуп атат. Андан же видеокөзөмөлдүн тасмасы же көрүп турган күбө жок. Эч кандай далил жок нерсени кылышууда.

Мамлекеттик айыптоочу тергөөдө Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин айтып, соттон 7,5 жылга камакка алууну, 100 эсептик көрсөткүчтүн суммасы менен айып пул салууну суранган.

Прокурор ортомчулар аркылуу Илмияновго 150 миң долларды берүү аракетин баштан-аяк баяндап, акча анын колуна 2017-жылдын 8-августунда тийгенин айткан. Далил катары күбөлөрдүн сөзүн, банктын кагаздарын жана телефон чалуулардын тарыхын келтирген.

«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.

Бирок Илмиянов Орусиядан аны эч ким кармап келбегенин, Бишкекке өз эрки менен эле келгенин билдирген. Илмиянов кармалгандан бери «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатканы гана айтылып, кылмыш иши боюнча кенен маалымат берилген эмес.

Социалдык тармактарда Илмияновго чыккан чечим боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдары анын буга чейин камакта отурганын белгилеп, жакында абактан чыгып кетерин божомолдоп жатышат. Убагында президенттин ар кандай чечимдерине таасир эткен кишинин жазасы жеңил болуп калды дегендер да бар. Буга чейин анын азыркы бийлик менен тил табышып кеткени да кабарланган.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

Саясат талдоочу Турат Акимов Илмияновго козголгон кылмыш иши боюнча бул жогорку эле өкүм экенин айтты:

- Мурдагы падыша менен азыркынын чоң, купуя сырларын жакшы билген адам. Ошон үчүн бул кишиге керексиздей мамиле кыла алышпайт. Азыркыны бийликке алып келүүгө салымы чоң болгонун өзү айтып келген.

Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында отурат.

Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.

Прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Иш 2019-жылдын июлунда сотко өткөн.

Илмиянов кезинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары жанында жүрүп, 2010-жылдан кийин анын кеңешчиси, президенттик аппараттын орун басары кызматтарын аркалап, Кыргызстандагы эң таасирдүү адамга айланган. Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын ноябрь айында кызматын тапшырарга жакын Илмияновду III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлап кеткен.

"Илмиянов Кыргызстандагы кадр саясатына, бизнес чөйрөгө аралашат" деген сөздөр Атамбаев президент болуп турган кезде эле байма-бай көтөрүлүп келген. Бирок жардамчысынын дарегине айтылган айыптоолорду Атамбаев өзү бир канча жолу четке каккан. Кезинде саясатчылар, анын ичинде министрлер да өкмөт башчыларга караганда Илмияновдун кабинетине көп каттап калышканы айтылып жүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG