Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

МАГАТЭ Иранды эки жайды текшерүүгө уруксат берүүгө үндөдү


Атомдук энергетика боюнча агенттиктин башкы директор Рафаэль Мариано Гросси, Вена, 15-июнь 2020-жыл.
Атомдук энергетика боюнча агенттиктин башкы директор Рафаэль Мариано Гросси, Вена, 15-июнь 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин башкаруучулар кеңеши (МАГАТЭ) Иранды мурда өзөктүк ишмердик менен алектенген эки жайын текшерип чыгууга уруксат берүүгө чакырды. Агенттик акыркы сегиз жыл ичиндеги мындай мазмундагы биринчи резолюциясын 19-июнда жарыялады. Резолюцияда Тегеран агенттиктин өтүнүчүн кечеңдетпей аткарышы керек экени, адистер аталган эки жайда 2000-жылдардын башында Иран ачык жарыялабаган өзөктүк ишмердик орун алганын же албаганын текшериши зарыл экени белгиленген.

Иран эл аралык адистердин бул эки жайга киришине бир нече айдан бери уруксат бербей келет. Айрым ирандык расмий өкүлдөр мындай резолюция Тегеран менен БУУнун агенттигинин ортосундагы мамилеге залакасын тийгизерин эскерткен.

Ирандагы сөз болуп жаткан эки комплекс Тегерандын өзөктүк программасына түздөн-түз тиешеси жок экени кабарланып келет. Бирок Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иран дээрлик 20 жыл мурда бул жайлардагы ишмердиги тууралуу канчалык так маалымат бергенин текшерүүнү көздөп жатат.

2018-жылдын май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

Дээрлик беш жыл мурда Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектөө милдетин алган. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар токтотулушу керек эле.

XS
SM
MD
LG