Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Ошто адвокаттын өлүмүнө шектүү адам камакка алынды


Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 17-июнда Увам каналынан 40-45 жаштардагы белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган. Иликтөө учурунда ал 42 жаштагы, К.Т. аттуу адвокат экени аныкталды.

Маркумдун дайынсыз жоголгону тууралуу 12-июнда милицияга туугандары кабар беришкен.

Милициянын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 17-июнь күнү адвокаттын өлүмүнө шектүү О.Р. аттуу адам кармалды.

19-июнда Ош шаардык соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG