Бүгүн, 21-июнда Кыргызстандагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөө сынагын тапшырууга киришти. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун маалыматына караганда, 21-июнда негизги тест, 22-июнда предметтик сабактар боюнча тест тапшырылат.
“Жалпы республикалык тестирлөө сынагын өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалган. Баарында санитардык талаптар катуу көзөмөлдөнөт, окуучулардын аралыгы медициналык алгоритмге ылайык сакталат. Сынакка кирүүчүлөрдүн дене табы текшерилип киргизилет”, - деп билдирди Каныбек Исаков.
Маалыматка ылайык, сынак 24- 25-июнда эки баскыч менен өткөрүлөт. Түрдүү себептер менен учурунда каттоого алынбай, тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда тапшырса болот.
Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот.
2020-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөө сынагына 41 727 бүтүрүүчү катталган. (ZKo)