Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:18

Акыркы суткада 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган


Иллюстрациялык сүрөт.

21-июнга карата коронавирус илдетин 10 медициналык кызматкер жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен:

• Чүй облусунда – 4
• Ош шаарында – 2
• Ош облусунда – 1
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 2

21-июнга карата ооруканада дарыланып жаткан беш медициналык кызматкер айыгып, үйүнө чыгып кетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 556 учур катталды, алардын ичинен 387си айыгып, ишине кайткан.

Коронавирус жуктуруп алгандан кийин эки дарыгер каза тапкан.

Кыргыз өкмөтүнүн 4-майдагы буйругу менен медициналык жардам көрсөтүү жана илимий иштерди жүргүзүү учурунда коронавирус илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине 200 миң сом төлөнүп берилет.

Ал эми вирус жугузуп алып, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом төлөнөт.

Бул кенемтелер бир жолу төлөнөт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG