Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Сербияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Сербияда добуш берүүгө келген жарандар, 21-июнь, 2020.
Сербияда добуш берүүгө келген жарандар, 21-июнь, 2020.

21-июнда Сербияда өтүп жаткан шайлоонун жыйынтыгында президент Александр Вучичтин партиясы өз бийлигин бекемдеши мүмкүн. Сурамжылоолорго караганда, оңчул көз карашты карманган, бийликтеги "Сербия прогрессивдүү партиясы" добуштардын 60 пайызын алышы ыктымал. Аталган партия Балкан аймагындагы бул мамлекетти сегиз жылдан бери башкарып келет.​

Оппозиция шайлоону бойкоттоого чакырган. «Сербия үчүн» альянсына бириккен оппозициячыл саясатчылар пандемия маалында үгүт иштери адилеттүү жүргүзүлбөгөнүн айтып чыгышты.

Март айында өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланышту 26-апрелде өтчү шайлоо эки ай кийинкиге калтырылган. Оппозициядагылар пандемиядан улам шайлоо өнөктүгүн жетиштүү жүргүзө албай калганын айтышууда. Алар ошондой эле Вучичтин командасы бардык медиа каражаттарын көзөмөлдөп жатканын айыпташты.

Сербияда добуш берүүгө укуктуу 6,5 миллион жаран бар. Шайлоо бекеттеринде бардык гигиеналык шарттар сакталганы менен сербиялыктардын көбү коронавирус жуктуруп алуу коркунучунан улам добуш берүүгө барбай турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG