Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Вашингтондо сот Ак үйдүн Болтондун китеби боюнча өтүнүчүн четке какты


АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтон, 17-февраль, 2020.
АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтон, 17-февраль, 2020.

Федералдык сот АКШ президентинин администрациясынын Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтондун китебин чыгарууга тыюу салуу өтүнүчүн аткаруудан баш тартты.

Вашингтондогу округдук соттун судьясы Ройс Ламберт 10 беттен турган токтомду жарыялады. Анда Юстиция министрлигинин Болтондун мемуарын чыгарууга тыюу салуу өтүнүчүндө жетиштүү жүйө келтирилбегени айтылат.

Судья белгилегендей, сот тыюу салган күндө да китеп дүкөндөргө түшүп, Интернетке да жарыяланышы мүмкүн.

Трамптын мурдагы кеңешчисинин китеби келаткан шейшембиден тартып сатыкка чыгышы мүмкүн.

Судья Ламберттин билдирүүсүндө «сот басмаканадан чыккан китептин нускаларын конфискациялоого жана саясий мемуарды жок кылууга» себеп жоктугу белгиленет.

23-июнда жарык көрөрү пландалып жаткан эскерүүлөрдүн үзүндүлөрүн өткн аптада америкалык үч ири гезит - "Washington Post", "New York Times" жана "Wall Street Journal" жарыялашты.

Болтон кеңешчи болуп турган 17 айдагы окуяларды баяндаган китептин бөлүктөрүндө чуулгандуу жерлери да бар.

Трамптын мурдагы кеңешчиси Болтон Ак үйдө 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын сентябрына чейин иштеп, президент менен пикир келишпестиктерден улам кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG