Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АКШ: Болтондун чыга элек китеби талаш жаратты


Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон. АКШ, 17-февраль 2020-жыл
Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон. АКШ, 17-февраль 2020-жыл

АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун эскерүүлөрүн чыгарбоо үчүн федералдык сотко кайрылды. Вашингтон администрациясы китепте мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын айтып келатат.

Юстиция министрлиги «Болтон мурда макулдашылгандай китепти чыгаруу алдында текстти кайра текшертүүдөн баш тартып, киреше табуу үчүн сырдуу маалыматтарды өзү билгендей ачыкка чыгарууну чечти» деп эсептейт.

Арыз Вашингтондогу федералдык сотто каралганы жатат. Ак үй китепте мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын, ал жарыяланса, улуттук коопсуздукка доо кетерин айтып келатат.

Президент Дональд Трамп. Вашингтон. 15-июнь, 2020-жыл
Президент Дональд Трамп. Вашингтон. 15-июнь, 2020-жыл

«Жон Болтон мыйзамды бузду. Мыйзам бузулганы жатат. Китепте абдан купуя маалыматтар бар. Аларды калың элге алып чыгууга уруксат берилген жок», - деди президент Дональд Трамп шаршембиде "Fox news" каналынын суроолоруна жооп берип жатып.

23-июнда жарык көрөрү пландалып жаткан эскерүүлөрдүн үзүндүлөрүн шаршемби күнү америкалык үч ири гезит- "Washington Post", "New York Times" жана "Wall Street Journal" жарыялашты.

Болтон кеңешчи болуп турган 17 айдагы окуяларды баяндаган китептин бөлүктөрүндө чуулгандуу жерлери да бар.

Мисалы, Трамп Кытай лидеринен 2020-жылы президенттикке кайра шайланууга журдам сурап, уйгурлар жана башка мусулмандар үчүн салынып жаткан лагерлерди оозеки колдогонун жазган. Болтондун айтымында, окуя былтыр Осакада “Чоң Жыйырманын” саммити учурунда болгон.

18-июнда Бээжиндеги маалымат жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь Болтондун жазгандарына мындайча комментарий берген."

"Кытай ар дайым башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпоо принцибин карманат. Кошмо Штаттардын ички ишине жана шайлоосуна кийлигишүүгө ниетибиз жок жана кийлигишпейбиз", - деп билдирген Чжао Лицзянь.

АКШ президенти Дональд Трамп "Wall Street Journal" басылмасы менен маегинде Болтонду “калпычы” деп атады. Аны көптөгөн каталары үчүн кызматынан кетиргенин белгиледи.

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер Америка менен Кытай лидерлеринин Осакадагы саммитине катышканын, анда Трамп Си Цзинпинден эч кандай жардам сурабаганын айтты.

"Бул толугу менен чындыкка жатпайт. Эч качан андай болгон эмес. Мен ал жерде болгом", - деди Лайтхайзер Сенаттын жыйынында.

Шинжаңдагы тарбиялоочу лагерь деген жай. Кытай, 2019-жыл
Шинжаңдагы тарбиялоочу лагерь деген жай. Кытай, 2019-жыл

Трамп Бээжинге карата катаал позициясын көргөзүүгө аракеттенип келет. 17-июнда президент Шинжаң уйгур автономиялуу аймагында мусулмандарды куугунтуктоого, экстремизм менен күрөшкө жамынып аларды түзөтүүчү лагерлерге жөнөтүүгө тиешеси бар кытайлык жогорку кызматтагы адамдарга санкция салууга жол ачкан мыйзам долбооруна кол койгон.

Кытай өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, ал жайларды кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп жүрөт.

Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдө 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын сентябрына чейин иштеп, президент менен пикир келишпестиктерден улам кызматтан кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG