Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Импичмент демилгесинин жаңы баскычы


АКШнын Өкүлдөр палатасы.
АКШнын Өкүлдөр палатасы.

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланышкан резолюцияны колдоду.

Президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген чыр Дональд Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин чыккан.

Демократтар анда Трамп өзүнүн саясий атаандашы Жо Байдендин Украинадагы ишин иликтөө үчүн Зеленскийге басым кылганын айтышат. Трамп Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу чечимин куугунтук катары сыпаттады.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Өкүлдөр палатасы колдогон резолюция президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачат.

Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196сы каршы добуш берди. Ага негизинен Трамптын партиялаштары болгон бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт.

Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы, демократ Адам Шифф бардык фактылардын каралышын күтөрүн айтты:

- Биз жагдайдын олуттуу экенин түшүнөбүз. Кырдаал бизди алдыга карай жылууга мажбурлады. Президент ыйгарым укугунан кыянат пайдаланып, улуттук кызыкчылыкты курмандыкка чалып, Конституцияны коргоодон баш тартып, мунун баарын өзүнүн жеке жана саясий кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн жасап жатат. Мен алдын ала биздин аракет өзүн актайбы деген сыяктуу кандайдыр бир божомол жасагым келбейт. Мында бардык фактылардын каралышын күтөм.

Президентке ишеним көргөзбөө иликтөөсүн улантууга жол берген резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга укук берет.

Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы - Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда баштаган демилгенин биринчи жолу расмий колдоого алынышы.

Президент Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу чечимин демократтар баштаган куугунтук катары сыпаттады. Анын партиялаштары, Палатадагы рсепубликачылар да жыйынтыкты сындап жатат.

- Сиздер карап көрсөңүздөр, биз тарыхтын өтө маанилүү баскычында турабыз. 2016-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жакпаган адамдар бар экени анык белгилүү. Эми бул силердин укугуңар. Өлкө кийинки жылы ким президент болорун чечкени турат. Биздин президент ким боло турганын Нэнси Пелоси же ал тандаган адамдардын чакан тобу аныктабашы керек, - деди Өкүлдөр палатасынын депутаты, республикачы Стив Скализ.

АКШда президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан.

Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.

Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси.
Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси.

Конгресстеги демократтар Трамп президенттик кызматын жеке өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деген жыйынтыкка келишкен.

Натыйжада Өкүлдөр палатасында Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу Өкүлдөр палатасы ушул күнгө чейин бир канча адамдан көрсөтмө алды.

31-октябрда Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Европа боюнча департаментинин башчысы Тимоти Моррисон Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында конгрессмендердин суроолоруна жооп берди. Моррисон импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берген Ак үйдөгү алгачкы жогорку даражалуу аткаминер болуп калды.

Ал эми улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматынан өткөн айда кеткен Жон Болтон көрсөтмө бериш үчүн кийинки жумага чакыртылды. Бирок анын адвокатынын CNN телеканалына айтканына караганда, Болтон соттун чечимисиз көрсөтмө берүүгө келбейт.

Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо маселесинин өзү колдоо табышы үчүн да депутаттардын жарымынан көбүнүн добушу талап кылынат. Эгер ал колдоо тапса, маселе андан ары Сенатта каралат. Ал эми Сенатта президентти кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш.

Американын тарыхындагы импичмент маселеси бир да жолу Сенатта колдоо тапкан эмес. Анын үстүнө азыр Сенатта Трампты сүрөгөн Республикачылар партиясы көпчүлүктү түзөт.

АКШнын тарыхында эки президент – 1868-жылы Эндрю Жонсон жана 1998-жылы Билл Клинтонго ишеним көрсөтпөө жараяны жүргүзүлгөн. Экөөнүн тең иши Сенатка жетип, бирок андан колдоо тапкан эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

Ричард Никсон - АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG