Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Лукашенконун шайлоодогу атаандашынын уулу кармалды


Президенттикке талапкер Виктор Бабарико, 11-июнь, 2020
Президенттикке талапкер Виктор Бабарико, 11-июнь, 2020

Минск шаарында президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп жаткан Виктор Бабариконун уулу камакка алынды. Эдуард Бабарико тергөө абагына камалып, ата-балага козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы айтылган жок. Алтургай алардын адвокаты да атайын маалымат таратпоо тууралуу кагазага кол коюп бергенин жүйө келтирип, эч нерсе айтпай койду.

9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого башкы атаандаш болуп чыккан Виктор Бабарико 18-июнда кармалган.

Беларус бийлиги аны «мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптаган. Бирок иштин чоо-жайы айтылган эмес. Ага чейин бир апта мурун Бабарико мурда жетектеген Белгазпромбанктын мурунку жана учурдагысы болуп 15 кызматкери кармалган. Лукашенко Беларуста «Майданды токтотуп калышканын» жарыялаган.

Бабарико кармалгандан кийин Беларустун бир катар шаарларында миңдеген киши нааразылык акциясына чыккан. Ишембиде 270 киши кармалганы белгилүү болду.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Лукашенко бул өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып, алтынчы ирет шайлоого аттанып жатат.

XS
SM
MD
LG