Сербиядагы парламенттин шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, президент Александр Вучичтин партиясы шайлоочулардын 63% добушуна ээ болду. Оппозициялык партиялар коронавирус эпидемиясына байланыштуу шайлоого бойкот жарыялашкан болчу.
Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын Эркин шайлоо жана демократия үчүн борбору жарыялады. Эгерде бул жыйынтыктар расмий аныкталса, Вучичтин Сербия прогрессивдүү партиясы дагы төрт жылга мандат алат.
Экинчи орунда 10,6% менен Социалисттик партия келе жатат. Ал эми үчүнчү орунда Сербия патриоттук союзу (4% тегерегинде).
Александр Вучич Сербия прогрессивдүү партиясы жеңгенин алдын ала эле жарыялады. Анын сүйлөгөнүн "Евроньюс" телеканалы көрсөттү.
«Урматтуу Сербиянын жарандары, мен көп жылдардан бери саясаттамын, бирок мындайды биринчи жолу башымдан өткөрүп жатам. Биз 3,3 миллион шайлоочунун 2 миллиондон ашык добушун алып, тарыхта эң чоң элдин ишенимине ээ болдук. Биз бардык жерден, кала берсе мурда утулган жерлерден да жеңдик»,-деди президент.
Май айында "Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму Вучичтин бир нече жылдан берки башкаруусунда Сербия мамлекети демократия багытында артка кеткенин жарыялаган.