Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

COVID-19: көз жумгандардын саны кырк кишиге жетти


Коронавирус жуктуруп алган бейтапты карап жаткан дарыгерлер.
Коронавирус жуктуруп алган бейтапты карап жаткан дарыгерлер.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июнда билдиргендей, коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан дагы үч киши каза болду.

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 68 жаштагы аял, Талас аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек, Ноокен аймактык ооруканасында 60 жаштагы аял жашоо менен кош айтышты.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 40 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 2021и сакайды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 22-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 928 миңден ашты. Вируска чалдыккан соң 467 670тен көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 419 миңден ашууну сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG