Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Кармалган киши. УКМК берген сүрөт.
Кармалган киши. УКМК берген сүрөт.

Жазык кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү ("Жалданмачылык") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргызстандын 31 жаштагы жараны (Т.Н.) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, кармалган адам 2014-2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген.

Жогорудагы соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG