Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 582ге жетти

Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер.
Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлер.

Кыргызстанда соңку бир суткада 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде билдиргендей, алар төмөнкү аймактарда иштешет:

  • Бишкек шаарында – 6
  • Чүй облусунда – 3
  • Ош шаарында – 2
  • Ош облусунда – 4
  • Баткен облусунда – 2
  • Ысык-Көл облусунда – 6
  • Нарын облусунда – 2
  • Талас облусунда – 1

Жалпысынан COVID-19 диагнозу 582 медицина кызматкерине коюлган. Алардын экөө каза болуп, 387си айыккан. 

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG