Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Президент баштаган мамлекеттик, коомдук ишмерлер маркум Болот Шердин жакындарына көңүл айтты


Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.
Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

«Болот Шер өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу - принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын, улуттук оюндардын жайылышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Болот Эсентаевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деп айтылат президенттин сайтында жарыяланган некрологдо.

Билдирүүгө жетекчи кызмат адамдарынан сырткары вице-премьер-министрлер, вице-спикерлер, парламенттеги фракция лидерлери, депутаттар, партия лидерлери жана бир катар саясатчылар кол койгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы ички иштер министри, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында 21-июнда дүйнөдөн кайтты.

Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган. «Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган. Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Болот Шердин сөөгү 23-июнда саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылында коюлат. Бул маркумдун керээзи экенин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер фейсбуктагы баракчасына жазды. (ErN)

XS
SM
MD
LG